Неймар «Барселонага» кайтат

Неймар «Барселонага» кайтат
9-Март 2018, Жума, 16:16

Франциянын «Пари Сен-Жермен» футбол клубунун чабуулчусуНеймар париждик клубка ыраазы эмес. Ал “ПСЖ” клубунун жетекчилигине “Барселонага” кайткысы келип жаткандыгын билдирди. Бул тууралуу Mundo Deportivo басылмасы жазып чыккан. Маалыматка ылайык Неймар “ПСЖ” футбол клубуна келгенине өкүнөт жана бул жөнүндө жетекчиликке билдирди. Неймар2018-жылы жайында боло турган трансфер иш чараларын талкуулаган. Эгерде бул ишке ашып калса Неймар 2019-жылы клубтуалмаштыруусу күтүлүүдө.

Алэми “Барселона” футбол клубу бул теманы азырынча үн ката элек.

Эсиңиздерге сала кетсек “Барселонанын” мурдагы чабуулчусу Неймар француздардын “Пари Сен-Жермен” клубуна 2017-жылы августь айында өткөн. Анда оюнчу француз клубу менен 5 жылдык келишим түзгөн. Ал эми трансфер 222 миллион еврону түзүп, футбол тарыхында рекорд койгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!