​Мессинин дөбөтү талкууга түштү

​Мессинин дөбөтү талкууга түштү
9-Март 2018, Жума, 16:38

Аргентиналык футболчу ,"Барселона" клубунун чабуулчусу Лионель Месси эки жыл мурун алган күчүгү чоң дөбөт болгондугун истаграмм баракчасына бөлүшкөн. Футболчунун ышкыбоздору эки жылда 60 килограммдан ашык итин талкууга алышууда. Бул “Бордоский дог” жынысындагы иттин тукуму. Месси Халк аттуу бул итти 2016-жылы күчүк кезинде алган бирок эки жылда эбегейсиз чоң дөбөткө айланган. Иттин бул тукуму 90 килограммдан дагы жогору болоору айтылууда.


Мессинин итин баласы да жакшы көрөт.

Эсиңиздерге сала кетсек, Европа чемпионатынын эң мыкты футболчуларына бериле турган "Алтын бутса" сыйлыгы "Барселона" чабуулчусу Лионелю Мессиге тапшырылган. Аргентиналык атактуу футболчу 2016-17-жылдар ичинде 54 гол киргизип, алдыга чыккан. Лионель Месси мындай сыйлыкка төртүнчү ирет татыктуу болуп отурат. Мурда ал 2010, 2012 жана 2013-жылдары татыктуу болгон. Мындай төрт жолу сыйлыкты "Реалдын" Криштиану Роналду да алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!