​Лионель Месси уулдуу болду

​Лионель Месси уулдуу болду
11-Март 2018, Жекшемби, 12:04

Аргентиналык футболчу ,"Барселона" клубунун чабуулчусу Лионель Месси үчүнчү уулдуу болду. Бул тууралуу “РИА Новости” кабарлады. Маалыматка ылайык кечээ күнү атактуу футболчунун жубайы Антонелла Рокуццо аман-эсен көз жарып, уулунун атын Чиро коюшту. Үй бүлөдөгү чоң кубанычтын утурлап Лионель Месси кезектеги Испания чемпионатынын “Малага” – “Барселона” беттешүүсүнө катышкан жок.

Ал эми Антонелла Рокуццобоюнда бар экендигин 2017-жылы октябрь айында эле интернет баракчасына жарыялап: “Беш кишилик үй-бүлө” деп жазып койгон.

Эсиңиздерге сала кетсек, Европа чемпионатынын эң мыкты футболчуларына бериле турган "Алтын бутса" сыйлыгы "Барселона" чабуулчусу Лионелю Мессиге тапшырылган. Аргентиналык атактуу футболчу 2016-17-жылдар ичинде 54 гол киргизип, алдыга чыккан. Лионель Месси мындай сыйлыкка төртүнчү ирет татыктуу болуп отурат. Мурда ал 2010, 2012 жана 2013-жылдары татыктуу болгон. Мындай төрт жолу сыйлыкты "Реалдын" Криштиану Роналду да алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!