​“Реал” жана “Барселона” бир футболчуга көзү түштү

​“Реал” жана “Барселона” бир футболчуга көзү түштү
12-Март 2018, Дүйшөмбү, 12:21

"Бавария" футбол клубунункоргоочусу Давид Алаба талашка түштү. Ал жайында мюнхендик клубун алмаштыраары айтылууда. Sport Bild басылмасынын маалыматына караганда 25 жаштагы австралиялык атактуу футболчу Давид Алаба "Бавария" футбол клубунан кетет. Ал мадриддик “Реал” же каталониялык “Барселона” клубдарына жайында трансфер болушу мүмкүн. Бирок коргоочу "Бавария" футбол клубунан кеткиси келбесе да, ири капитал алууга макул болоору айтылууда.

Эсиңиздерге сала кетсек, Давид Алабанын "Бавария" футбол клубу менен келишими 2021-жылга чейин түзүлгөн. Алаба Мюнхен клубунда 2009-жылдан бери ойноп келет. Ал быйылкы сезондо эле 28 футбол беттешүүсүнө катышып,1 гол киргизген жана үч натыйжалуу соккуларды түзүп берген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!