​Чемпионаттын 1,3 миллион билети сатылды

​Чемпионаттын 1,3 миллион билети сатылды
13-Март 2018, Шейшемби, 01:47

Орусияда өтө турган дүйнөлүк чемпионаттын билеттерин сатуунун биринчи этабында 1,3 миллион билет сатылды. Бул тууралуу Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) билдирди. Негизинен билет сатуу эки этапка бөлүнгөн. Биринчи этабы 2017-жылдын 5-декабрында башталып, 2018-жылдын 31- январында аяктаган. Туш келди жүргүзүлгөн чучукулак ыкмасы менен билет сатуунун жыйынтыгында 568 448 билет таркатылган.

Мындан тышкары сатуунун биринчи этабында 735,168 билет сатылган. Ошентип, 2017-жылдын сентябрынан тартып, билет сатуу башталгандан бери учурда жалпысынан 1 303 616 билет сатылган.

Биринчи этапта көрүүчүлөр футбол чемпионаттынын бардык оюндарына билет ала алышкан. Болгону ачылышына жана финалга билеттер сатыла элек. Билеттерди жеткирүү 2018-жылдын апрель-май айларында жүргүзүлөт.

Билеттердин көп бөлүгү орусиялык футбол ышкыбоздору сатып алышкан(197 832), ал эми калгандары башка өлкөлөрдүн футбол сүйүүчүлөрү алышты.

Билет алуудагы алдыңкы 10 өлкө төмөндөгүчө:

  • 1. Колумбия (33 048)
  • 2. Бразилия (24 656)
  • 3. Перу (21 946)
  • 4. Германия (21 639)
  • 5. АКШ (20 347)
  • 6. Мексика (18 155)
  • 7. Австралия (15 906)
  • 8. Аргентина (15 214)
  • 9. Англия (14 890)
  • 10. Польша (13 686)

Футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2018-жылдын 14-июнунан 15-июлга чейин Россияда өтөт. Футболчулар Россиянын 11 ири шаарларында 12 стадионунда ат салышат. Москва шаарында (“Лужник жана “Спартак), Санкт-Петербург (“Санкт-Петербург” стадионунда) Казань (“Казань Арена”), Сочи (“Фишт”), Екатеринбург (“Екатеринбург Арена”), Ростов-на-Дону (“Ростов Арена”), Волгоград (“Волгоград Арена”), Нижний Новгород ( “Нижний Новгород” стадиону).

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!