​Олимпиада чемпиону акылынан ажырады

​Олимпиада чемпиону акылынан ажырады
15-Март 2018, Бейшемби, 11:22

Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында өткөн XXIII кышкы Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси Ким Бо Рым психикалык бузулуу оорусу менен ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Түштүк Кореянын “Ренхап" кабар агентиги жазып чыкты. Дарыгерлер 25 жаштагы спортчуну оорканада дарылануусун сунушташкан. Коньки жарышчысына нерв тынчсыздануусунан башталган психикалык бузулуу жана коркуп же чочуганда талмасы кармап кала берген. Кийин мындай оору спортчунун энесинде да бар экендиги аныкталган.

Ким Бо Рым олимпиада оюндарында күмүш байгелүү болгон. Ал ийгиликке жетише албай калып, өнөктөшүн айыптап чыккан. Мындай жүйөсүз күнөөлүүлөр үчүн 600 000 киши спортчуну улуттук командадан чыгуусун талап кылып, кат менен кайрылышкан. Командалык жарышта кореялыктар 7-орунга илинген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!