​Футбол чемпионатына байкот башталабы?

​Футбол чемпионатына байкот башталабы?
16-Март 2018, Жума, 16:44

Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) жетекчилиги Орусияда өтө турган футбол чемпионатын байкот кылуу чакырыктарына тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу AS басылмасы жазып чыкты. Маалыматка ылайык спорттук уюмбул бара-бара чыңалуунун жаратышы мүмкүн.

Шаршемби күнү Великобританиянын премьер-министри Тереза Мэй парламентте сүйлөп жатып, Британиянын падышалык үй-бүлөсү менен өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү Орусиядагы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка барбай турганын кабарлаган.

Эсиңиздерге сала кетсек 4-март күнү Британиянын Солсбери шаарында эс-учун жоготкон абалда табылган мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипаль жана анын кызы Юлиянын кайгылуу тагдыры Москва менен Лондондун ортосундагы саясий кризиске алып келди. Алар ооруканада эс-учуна келбеген акыбалда кала берүүдө.

Орусияда өтө турган футбол чемпионатын байкот кылуу чакырыктары бир канча британдык жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган. “Биз кантип Путиндин футбол чемпионатына барабыз” деген башкы тема менен Daily Mail гезити чыкты. Буга дароо эле Великобританиянын тышкы иштер министри Борис Джонсонда кошулган. Ал эми Англиянынкурама командасынын башкы машыктуруучусу Гарет Саутгейтке бул тема тууралуу пикир айтууга карманатуруусу белгиленген.

“Ал эми Франциямурдагы полковник Скрипалдын уулануусуна Москваны күнөөлү дегенге кошулат жана жакындапрезидент Макрон Орусияга каршы кандай чаралар көрүлө тургандыгын жарыялайт” деп билдиргенин “Reuters” агентигине шилтеме жасап "Газета.ру" сайты жазып чыкты.

Футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2018-жылдын 14-июнунан 15-июлга чейин Россияда өтөт. Футболчулар Россиянын 11 ири шаарларында 12 стадионунда ат салышат. Москва шаарында (“Лужник жана “Спартак), Санкт-Петербург (“Санкт-Петербург” стадионунда) Казань (“Казань Арена”), Сочи (“Фишт”), Екатеринбург (“Екатеринбург Арена”), Ростов-на-Дону (“Ростов Арена”), Волгоград (“Волгоград Арена”), Нижний Новгород ( “Нижний Новгород” стадиону).

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!