​Нурмагомедов: "Макгрегор эми гамбургер падышасы”

​Нурмагомедов:
17-Март 2018, Ишемби, 11:47

Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов UFCнын мурдагы чемпиону Конор Макрегорду спорттук карьерасын аяктоосун сунуштады. Нурмагомедовдун пикири боюнча ирландиялык мушкер Burger King жарнамасына тартылгандан кийин “Бургер падашысы” болду.

Хабиб Нурмагомедов “ Мен эмне үчүн аны дагы эле спорттун падышасы катары айтып жүрүшөт. Чындыгында ал буга татыктуу эмес, ал “Бургер падашысы”. Узак тур, Макгрегор!” деп билдирди.

“Мен Макгрегордин чыныгы мушташка кайтып келээрине ишенбейм. Ал жеңил мушташтарды жакшы көрөт. Кайра келем десе күжүрмөн, катуу 5 раунддук мушташка даяр болушу керек. Ошондуктан чыныгы мушташтан алыс бол демекчимин” деп кошумчалады Хабиб

Эсииздерге сала кетсек Конор Макрегордун чемпиондук курдан ажыраганытууралуу 16 – январда UFCнын президенти Дэйна Уайт билдирген.

Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов UFCнын эң күчтүү балбандарынын бири, 70 кг чейинки жеңил салмакта күрөшөт. Орусиялык балбандын рекорду 25 мушташта 25 жеңүү менен жыйынталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!