​Мухаммед Алинин сөз берметтери

​Мухаммед Алинин сөз берметтери
17-Март 2018, Ишемби, 15:15

Легендарлуу мушкер Мухаммед Али дүйнө жүзүндөгү эң көп наам алган жана эң таанымал спортчулардын бири. Ал спорттук карьерасында 61 жолу мелдешке чыгып, анын 56да жеңишке жетип, 37 ирет каршылашынын эсин оодара койгон. Анын аты дүйнөдө профессионалдык бокстун символуна айланган. Акыркы ирет Али рингге 1981-жылы чыккан.

Бокстун айынан 1984-жылы Паркинсон илдетине кабылып, бирок, легендарлуу мушкер ар дайым тамаша узатып күйөрмандарын күлкүгө бөлөп келген. Эмесе легендарлуу мушкердин эстен кеткис кээ бир айткандарын сунуштайбыз.

1. Унчукпоо - бул татыктуу жооп таба албай калганда гана алтындай мааниге ээ.

2. Көпөлөк сыяктуу кагылып учуп, аары сыяктуу чагып алуу керек.

3. Мүмкүн эмес – бул майда адамдардын жашынып алган чоң сөздөрү. Алар бир нерсени өзгөртүү үчүн күч-кубат алуунун ордуна, көнгөн жашоолорунан чыккысы келбейт. Мүмкүн эместик - бул факт эмес. Ал болгону бир пикир... Мүмкүн эместик - бул өкүм эмес. Бул бир чакырык!

Мүмкүн эместик - бул өзүн далилдөө. Мүмкүн эместик - бул чоң мүмкүнчүлүк!

4. Адамдар кимдир бирөөнү текшерип көрбөгөндөн кийин баалашпайт. Бул президент Кеннеди сыяктуулар, эми андайлар арабызда жок. Элвис Пресли сыяктуулар болбойт эми. Мен бокстагы Элвис болчумун.

5. 50 жашына келип 20 жаштагыдай көз караштагы адам 30 жылын текке кетирди дей бериңиз.

6. Мен тамашалаганда адатта чындыкты айтам. Анткени, чындык дүйнөдөгү эң күлкүлүү нерсе.

7. Балдарың сенин оюңдагыдай болбосо да, ар дайым кубанычта бол.

8. Эгерде сага мени уруп жаткандыгың тууралуу түш көрсөң, ойгонуп кечирим сураганың жакшы болот.

9. Сагаалдыңдагы тоолор тоскоолдук жараткан жери жок, сага чокойуңдагы майда таштартоскоол болууда.

10. Башкаларга канчалык көбүрөөк жардам кылсак, өзүбүзгө ошончолук көмөк көрсөткөн болобуз.

11. Мен машыгуудагы ар бир мүнөтүмдү жаман көрчүүмүн бирок мен өзүмө сөз бергем: “Кетпе, азап чек жана калган жашооңду чемпион катарында жаша!”

12. Балким, мен мыкты мушкер болсом керек бирок рингден тышкары мен капапайм эле адаммын. Мен кудайга кызмат кылып, үлгүлүү жашап, баардыгына жардам бергим келет. Мен дагы эле 12 жашымда велосипедимди уурдап кеткен адамды издеп жүрөм. Мен аны урбайм болгону велосипедим жакшы болчу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!