Неймар стилин өзгөрттү

Неймар стилин өзгөрттү
20-Март 2018, Шейшемби, 13:11

Бразилиялык футболчу жана француздардын «Пари Сен-Жермен» футбол клубунун чабуулчусу Неймар стилин өзгөрттү. Атактуу футболчу жаңы чач жасалгасы менен түшкөн сүрөтүн дароо эле инстаграм баракчасына бөлүштү. Учурда Неймардан жаңы стили социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатат.

Учурда 26 жаштагы футболчу 25-февралда француздардын Чемпионат лигасында «ПСЖ» менен «Марсель» беттешүүсүндө катуу жыгылып, Бразилияда операция болгон. Анын калыбына келүүсүнө дагы бир нече айлар алаары айтылууда.

Эсиңиздерге сала кетсек, “Барселонанын” мурдагы чабуулчусу Неймар француздардын “Пари Сен-Жермен” клубуна 2017-жылы августь айында өткөн. Анда оюнчу француз клубу менен 5 жылдык келишим түзгөн. Ал эми трансфер 222 миллион еврону түзүп, футбол тарыхында рекорд койгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!