​Костя Цзю инфарк болдубу?

​Костя Цзю инфарк болдубу?
26-Март 2018, Дүйшөмбү, 14:02

Бокс боюнча орто салмактагы абсолюттук чемпион Костя Цзю эч кандай инфарк болбогондугун «Спорт-Экспресс» басылмасына өзү билдирди. Атактуу мушкер ден соолугу жакшы экендигин жана бул жалган маалыматты кимдер чыгаргандыгын түшүнбөгөндүгүн айткан.

Ал “ Менде баардыгы жакшы, азыр балдарым менен эс алууда жүрөм. Инфарк боюнча толугу менен жалган, кайдан чыгарышканын билбейм. Камтама болбогула,саламаттыгыма кызыканыңар үчүн ырахмат” деди

Эсиңиздерге сала кетсек кечээ күнү 48 жашындагы атактуу мушкер Костя Цзю инфарк болуп, жүрөгүнөн операция болгондугун орустун жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышкан.

Бокс боюнча орто салмактагы абсолюттук чемпион Костя Цзю профессионалдык карьерасын 2005-жылы аяктаган болчу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!