​Футболчу төшүнө топ тийип каза тапты

​Футболчу төшүнө топ тийип каза тапты
27-Март 2018, Шейшемби, 10:58

Хорватиялык футболчу оюн учурунда каза болду. Харватиянын үчүнчү дивизион чемпионаты алкагында «Марсония» жана«Славония» командаларынын беттешүүсүндө 25 жаштагы футболчу Бруно Бобанга төшүнө топ тийип, каза болду. Бул тууралуу HRT Sport басылмасы жазып чыкты. Маалыматка ылайык оюндун 15-мүнөтүндө футболчунун төшүнө топ катуу тийген. Оюнчу топтун соккусунан жыгылып түшкөн. Алгачкы медициналык жардамды клубдун дарыгери көрсөткөн. Андан кийин тез жардам бригадасы келген. Бирок бардык аракеттерге карабай футболчунун сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Азырынча өлүм себеби так айтыла элек. Ал үчүн өлүктү союп көрүү керектиги айтылууда.

25 жаштагы спортчу мурда “Загреб” командасында кийин «Славонию» командасына өтүп быйылкы сезондо 12 гол киргизген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!