Сальто жасаганы үчүн наамынан ажырады (видео)

Сальто жасаганы үчүн наамынан ажырады (видео)
27-Март 2018, Шейшемби, 13:32

Мушкер нокаут жыгылган каршылашынын үстүнө чыгып сальто жасап, акча жана жеңишинен ажырады. Бул тууралуу MMA Junkie басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык LFA промоушен таймашындагы оор салмакта ринге чыккан Ирвинс Айяла жана Дрю Четмэн ортосунда болду. Биринчи таймдын ортосунда Айяла каршылашынын бутуна урунуп нокаут жыгылган.

Ушуну менен мушташ аяктаган. Бирок, акырында ашыкча кубанып кеткен Дрю Четмэн жерде жаткан каршылашынын үстүнө чыгып сальто жасаганы ушунчалык одоно гана эмес, катуу жарат алуусуна себепчи болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!