​"Реал" - "Ювентус" билеттери 8 мүнөттө сатылды

​
27-Март 2018, Шейшемби, 14:58

Лига чемпионунун чейрек финалында беттеше турган "Реал" - "Ювентус" билеттери 8 мүнөттө сатылды.

"Спорт-экспресс" басылмасынын маалыматына караганда дүйнөнү дүңгүрөткөн футбол таймашы "Сантьяго Бернабеу" стадионунда 3-апрель күнү аншлаг менен өтөт.

Алдын ала маалыматтарга караганда 76 миң билет “Реал” тарапташтары, 4 миң билетти "Ювентус" ышкыбоздору сатып алгандыгы айтылууда. Экинчи жооптук беттешүү 11-апрелде "Ювентус-Арена" стадионунда өтмөкчү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!