​Жел кайыкчы жарыш учурунда жоголду

​Жел кайыкчы жарыш учурунда жоголду
28-Март 2018, Шаршемби, 11:31

Британдык жел кайыкчы Джон Фишер “Volvo Ocean Race” (Вольво океан жарышы) алкагында дүйнөнү жел кайык менен жарышуу учурунда жоголду. Бул тууралуу BBC кабарлады. Маалыматка ылайык 47 жашындагы спортчу Горн аралындан 2250 километр аралыкта жоголуп кеткен.

“Биз Фишердин тагдырына кабатыр болуудабыз. Айрыкча “Мыс Горн” аймагында ушул учурда аба-ырайы катаал болууда. Бул кайгылуу окуя баарыбызды, биринчи кезекте Фишердин үй-бүлөсүн капалатып турат.Биз жалпы командабыз менен сабыр кылуусун каалайт элек” деп билдирген командири Ричард Брисиус.

Яхтанын экипажы Фишерди издөөгө аракет кылганы менен бир жыйынтык чыккан эмес. Алдын-ала маалыматтарга караганда жел кайыкчы куткаруучу жилети бар болгон. Учурда окуя болгон жерде куткаруучу кызматтар иштеп жатат.

“Volvo Ocean Race” (Вольво океан жарышы) – дүйнөнү 45 000 деңиз милясы (2592,8 км) аралыкта жел кайык менен айланууөтүү жарышы болуп саналат. Жел кайыкчы жарыштын 7-күнүндө жоголгон. Яхта Жаңы Зеландиядан Бразилияга багыт алып бараткан. Жалпысынан 8 команда жарышып жаткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!