Улуттук курам Азия чемпионатына аттанат

Улуттук курам Азия чемпионатына аттанат
15-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 11:05

Чолпон-Ата шаарында футзал боюнча Кыргызстан курама командасы Азия чемпионатына даярдык көрүп жатат. Бул тууралуу Жаштар иштери дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Окуу-машыгуу жыйыны Чолпон-Ата шаарындагы (Ысык-Көл облусу) ден-соолукту чындоо комплексинде өтүп жатат. Курамда 20 оюнчу бар.

Машыгуунун жүрүшү менен Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкулов таанышып кайткан.

Улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Амиржан Муканов белгилегендей, күн сайын үчтөн машыгуу белгиленген: эртен мененки кросс, тактика жана чеберчилик боюнча машыгуу, физикалык даярдык.

20-январда кыргызстандык команда Россиянын “Спартак” (Москва) командасы менен беттешет. Андан тышкары, Өзбекстан курама командасы менен беттеш уюшулары күтүлүүдө.

Эске салсак, футзал боюнча Азия чемпионаты 1-февралдан 11-февралга чейинки аралыкта Кытайдын Тайбэйинде өтөт. Кыргызстан курама командасы Таиланд, Иордания жана Ливан командалары менен “D” тайпасында орун алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!