Жалал-Абадда спартакиада башталды

Жалал-Абадда спартакиада башталды
23-Янв. 2018, Шейшемби, 11:54

Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) спорт залында окуу жайдын профессор-окутуучулар курамы жана кызматкерлери арасында спартакиаданын салтанаттуу ачылышы болуп, ага окуу жайдын структуралык бөлүмдөрүнөн 6 команда катышууда. Бул тууралуу ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы билдирди.

ЭАУ ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыковдун айтымында, спартакиада окутуучуларда ден-соолук менен бирге жамааттагы ынтымакты, кызматташтыкты да чыңдайт.

"Бул спартакиада окуу жайдын түзүлгөнүнөн бери өткөрүлүп жаткан салттуу жакшы көрүнүштөрүнөн. Ал спорттун баскетбол, стол тенниси, чатыраш, комбинацияланган эстафеталар, гиря көтөрүү, бильярд, аркан тартышуутүрлөрү боюнча өткөрүлүп жатат. Спартакиадалык оюндар бир жумага созулуп, соңунда жеңүүчүлөргө татыктуу сыйлыктар берилет", - дейт А. Мамасыдыков.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!