Бокс боюнча эл аралык мелдеш өтүп жатат

Бокс боюнча эл аралык мелдеш өтүп жатат
2-Фев. 2018, Жума, 11:14

1-февралда Бишкек шаарындагы Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдештин ачылыш аземи орун алды. Бул тууралуу Жаштар иштери ден тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Иш чарага Кыргыз Республикасынын бокс Федерациясынын президенти Абдибакыт Халмурзаев, бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаров, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Канат Арпачиев жана башка сыйлуу коноктор катышты.

Бул мелдеш кыргыз боксчуларына алдыдагы мелдештерге даярдык, жана курама командага тандоо үчүн жакшы шарт экенин Федерация президенти Абдибакыт Халмурзаев белгилеп өттү. Мамагенттиктин директорунун орун басары Канат Арпачиев өз сөзүндө мелдеш жыл башындагы алгачкы эл аралык таймаш экенин айтып, уюштуруучуларга, бокс федерациясына ыраазычылык билдирүү менен спортчуларга ийгилик каалап өттү.

Мелдеште 146 спортчу күч сынашууда. Алардын 137 эркектер, ал эми 7 айымдар. Бул мушкерлер Тажикстан, Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан чогулган.

Мушташтар эркектер арасында он салмактык категория (46-49 кг, 52 кг, 56 кг, 60 кг, 64 кг, 69 кг, 75 кг, 81 кг, 91 кг, 91кг жогору) жана айымдар арасында 3 салмактык категория боюнча жүрөт (48-51 кг, 57-60 кг, 69-75 кг). Мелдеш 4-февралга чейин созулат.

Эскерте кетсек, эл аралык мелдештин финалдык бөлүгү 4-февралда өтөт.

Мелдештин уюштуруучулары Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргыз Республикасынын бокс федерациясы. Аталган мелдешке Дирекциянын бюджетинен 1 млн. 192 миң сом каралган.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!