Валентина Шевченко атаандашын жеңип алды

Валентина Шевченко атаандашын жеңип алды
5-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 10:45

4-февралда Бразилиянын Белем шаарында UFC Fight Night 125 мелдеши өттү. Анда кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко менен бразилиялык мушкер Присцила Качоейранын беттеши өтүп, жыйынтыгында Шевченко атаандашын жеңип алды.

Беттешдин экинчи раундунда Шевченко муунтуу ыкмасы менен жеңишке жетишти. Бул беттеште спортчу 57 кг салмактагы категорияда күч сынашты.

Буга чейин мушкер 61 килограммга чейинки салмактагы категорияда кармашка чыгып, 5 жолу беттеш өткөргөн. 3 жолу жеңиш менен кайтса, 2 жолу жеңилүү ызасын тарткан.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!