​Кышкы Олимпиадага Кыргызстандан 6 адам барат

​Кышкы Олимпиадага Кыргызстандан 6 адам барат
5-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 12:32

Түштүк Кореяда өтө турган Кышкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандан 2 спортчу катышат. Алар Евгений Тимофеев жана Тариэль Жаркымбаев. Бул тууралуу Улуттук олимпиада комитетинен билдиришти.

Евгений Тимофеев эл аралык тандап алуу этабынан өтүп, гигант слалом жана слалом түрлөрүндө күч сынашууга жолдомо жеңип алган. Гигант слалом боюнча мелдеш 18-февралда өтсө, слалом боюнча мелдеш 22-февралда өтөт. Ал эми Тариэл Жаркымбаев лыжа менен жарышуу боюнча тандоо турунан өтүп, классикалык кыска аралыктагы жарыш боюнча мелдешке катышат.

Спортчулардан тышкары 2 машыктыруучу жана КРнын Улуттук олимпиада комитетинин 2 өкүлү барат.

Мелдештин ачылыш салтанатында мамлекеттик тууну Тариэль Жаркымбаев көтөрүп чыгат.

Белгилей кетсек, Кышкы Олимпиада оюндары Кореянын Пйоңчаң шаарында 9-25-февралда өтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!