Спортчулар Түштүк Кореяга учуп барышты (фото)

Спортчулар Түштүк Кореяга учуп барышты (фото)
6-Фев. 2018, Шейшемби, 16:46

Кышкы Олимпиада оюндарына катышуу үчүн кыргызстандык делегация бүгүн, 6-февралда Түштүк Кореяга барды. Спортчуларды аталган өлкөдө иштеген мекендештер тосуп алышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилигинен билдиришти.

Спортчуларды аэропорттон Түштүк Кореядагы Кыргызстандын ыйгарым укуктуу элчиси Кылыч Султан баштаган кыргызстандык мекендештер тосуп алды.

Белгилей кетсек, Кышкы Азия оюндарына Кыргызстандын атынан Евгений Тимофеев жана Тариэль Жаркымбаев катышат.

Евгений Тимофеев эл аралык тандап алуу этабынан өтүп, гигант слалом жана слалом түрлөрүндө күч сынашууга жолдомо жеңип алган. Гигант слалом боюнча мелдеш 18-февралда өтсө, слалом боюнча мелдеш 22-февралда өтөт. Ал эми Тариэл Жаркымбаев лыжа менен жарышуу боюнча тандоо турунан өтүп, классикалык кыска аралыктагы жарыш боюнча мелдешке катышат.

Спортчулардан тышкары делегация курамында 2 машыктыруучу жана КРнын Улуттук олимпиада комитетинин 2 өкүлү дагы бар.

Мелдештин ачылыш салтанатында мамлекеттик тууну Тариэль Жаркымбаев көтөрүп чыгат.

Белгилей кетсек, Кышкы Олимпиада оюндары Кореянын Пхёнчхан шаарында 9-25-февралда өтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!