Изат Артыков Азия оюндарына катышат

Изат Артыков Азия оюндарына катышат
10-Фев. 2018, Ишемби, 13:07

Кыргызстандын оор атлетика боюнча улуттук курама команданын мүчөсү, балбан Изат Артыков Азия оюндарына катышат. Бул тууралуу КРнын оор атлетика боюнча федерациянын вице-президенти Улан Молдодосов билдирди.

Азия оюндары быйыл, 18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезияда өтөт.

Буга чейин маалым болгондой, Изат Артыков 2016-жылдын 10-августа Бразилияда өткөн "Рио-де-Жанейро-2016" жайкы Олимпиадасында оор атлетика боюнча 69 килограммга чейинки салмакта күч сынап коло медаль тагынган.

Бирок, 18-августа Эл аралык олимпиадалык комитет Изат Артыковдун канынан стрихнин затын таап алып, допинг колдонгон деп айыптаган. Кийин Олимпиада оюндарынан четтетилген болчу.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!