​Олимпиада-2018: намазкана чатагы чыкты

​Олимпиада-2018: намазкана чатагы чыкты
13-Фев. 2018, Шейшемби, 14:56

Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында өтүп жаткан XXIII кышкы Олимпиада жаңы жаңжал менен коштолду. Чемпионат.com сайттынын маалыматына караганда мусулман спортчуларга намазкана бөлмөсүн ачып берүүгө уруксат берилген жок. Мусулман спортчулар башынан бери бул маселени чечип берүүнү суранып келишкен.

Кышкы олимпиада өтүп жаткан эки борбордун бири болгон Канн шаарынын туризм боюнча комитетинин жетекчиси адегенде намазкана бөлмөлөрүн ачууга каршы болгон эмес, бирок жергиликтүү калктын каршылыгынын айынын уруксат берилбегиндигин айткан.

Жергиликтүү калк атайын петиция менен кайрылышкан. Өкмөткө жазылган кайрылуу катына 56 миң кореялыктар кол койгон. Активисттер алардын салыгы аркылуу чогулган акчага намазкана бөлмөсүнүн ачылышына каршы болушууда.

Макалада “Олимпиаданын уюштуруучулары Түштүк Кореяны бардык дин жана улуттарга ачык өлкө катары көрсөткүсү келишкен бирок бул аракеттери ишке ашпай калды. Мусулмандардын нааразычылыгы да күчөйт”,- деп жазылган.

Түштүк Кореяда 51 миллионго жакын калк жашайт. Алардын 0,2 пайызы гана ислам динин тутунат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!