Эсен Калиев Дубайда Дүйнө кубогунда күмүш тагынды

Эсен Калиев Дубайда Дүйнө кубогунда күмүш тагынды
20-Фев. 2018, Шейшемби, 10:07

Учурда Дубай шаарында (Бириккен Араб Эмираттары) таяныч-кыймылдоо аппараттында бузулуулары бар спортчулар арасында пауэрлифтинг боюнча Дүйнө кубогу өтүп жатат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

16-февралда башталган мелдеш 22-февралда жыйынтыкталат.

Мелдешке катышып жаткан кыргыз спортчуларынын ичинен биринчи болуп Эсен Калиев 59 килограмм салмакта күчүн сынады. Алгачкы аракетинде ал 158 килограмм келген штанганы көтөрдү. Экинчи аракетинде спортчу 163 килограммды багынтты. Үчүнчү жолкусунда спортчунун 173 килограммды көтөрүү аракети текке кетти. Жыйынтыгында Эсен Калиев бул көрсөткүчү менен экинчи орунду ээледи.

Бул салмак ченинде алтын медалды 178 килограмм салмакты көтөргөн иорданиялык спортчу Тарбаш Мухамед багындырды. Коло медалдын ээси таиланддык Зукжерем Шухат болду (150 кг).

Кыргызстандын атынан мелдешке 5 спортчу жөнөтүлгөн:

Эсен Калиев – 1983-жылы туулган, Эл аралык класстагы спорт чебери;

Сагынбек Махаматкул уулу – 1992-жылы туулган, Эл аралык класстагы спорт чебери;

Жыргалбек Оросбаев – 1993-жылы туулган, Эл аралык класстагы спорт чебери;

Адилет Камчыбеков – 1993-жылы туулган, спорт чебери;

Максат Аргымбаев – 1991-жылы туулган, спорт чебери;

Аднан Джабраилов (машыктыруучу).

Эскерте, кетсек спортчуларды иш-сапарга жөнөтүш үчүн Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынан 552 миң сом бөлүнгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!