Жыргалбек Оросбаев Дубайда күмүш тагынды

 Жыргалбек Оросбаев Дубайда күмүш тагынды
24-Фев. 2018, Ишемби, 11:25

Дубай шаарында (Бириккен Араб Эмираттары) өткөн таяныч-кыймылдоо аппараттында бузулуулары бар спортчулар арасында пауэрлифтинг боюнча Дүйнө кубогу кыргыз спортчулары үчүн ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

16-февралда старт алган мелдеш 22-февралда жыйынтыкталды.

Жыргалбек Оросбаев мелдешке 107 килограммга салмакта катышты. Спортчу алгачкы эки аракетинде 200 килограмм келген штанганы көтөрө алган жок. Жыйынтыктоочу аракетинде Ж. Оросбаев бул салмакты багынтып, күмүш медаль тагынды.

Бул салмактык бөлүктө алтын медалды 220 килограмм көтөргөн монголиялык Enkhbayar Sodnompiljee багындырды. Коло медалды Бириккен Араб Эмираттарынын өкүлү Alnaqbi Abdalla өз эсебине жаза алды (185 кг).

Салтанаттуу сыйлык тапшыруу аземине Кыргыз Республикасынын Дубай шаарындагы Башкы консулу Айбек Маматбеков катышып, спортчуларга сыйлыктарын тапшырды.

Дүйнө кубогу-2018 мелдешине төмөнкү 5 кыргыз спортчусу катышкан:

59 килограммга чейинки салмак – Эсен Калиев 2-орунду ээледи (163 килограмм келген штанганы көтөргөн);

72 кг – Максат Аргымбаев 6-орунду ээледи (150 кг);

88 кг – Сагынбек Махаматкул уулу 4-орунду ээледи (157 кг);

97 кг – Адилет Камчыбеков 6-орунду ээледи (170 кг);

107 кг – Жыргалбек Оросбаев 2-орунду ээледи (200 кг).

Эскерте кетсек, спортчуларды иш-сапарга жөнөтүү үчүн Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынан 552 миң сом бөлүнгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!