Эркин күрөш боюнча Азия чемпионаты башталды

Эркин күрөш боюнча Азия чемпионаты башталды
27-Фев. 2018, Шейшемби, 13:58

Бүгүн, 27-февралда Бишкекте Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионаты башталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 4-мартка чейин уланат. Жалпы 19 өлкөдөн 300дөн ашуун спортчу күч сынашмакчы. 30 топтом медал ойнотулат.

Белгилей кетсек, ушуну менен күрөштүн түрлөрү боюнча Азия чемпионаты Кыргызстанда экинчи ирет өтүп жатат. Буга чейин мындай спорттук иш-чара 2007-жылы өткөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!