​Футболчу “Микки Мауска” айланды

​Футболчу “Микки Мауска” айланды
15-Март 2018, Бейшемби, 14:06

Англиянын «Манче́стер Юна́йтед» футбол клубунун коргоочусу Маруан Феллайни орой адам эмес экендигин далиледи. Бул тууралуу футболчу GQ журналына курган маегинде билдирди. Ал үчүн атактуу футболчу “Микки Мауска” окшоп чачын жасалгалап, сүрөткө да түштү.

Атактуу футболчу “ Мени орой, агрессивдүү оюнчу катары көрүшкөнү туура эмес. Мен болгону топту тартып алуу үчүн ыкчам жана катуу ойношум мүмкүн. Бул менин жумушум. Дайыма командама пайда алып келүүгө тырышам. Ошондуктан улам-улам өнүгүүгө аракеттерди жасайм” деп айткан.

Журналда белгиялык футболчу Микки Маустун образында сүрөткө түшүп, социалдык тармактарга таркаткан.

Англиянын «Манче́стер Юна́йтед» футбол клубунун коргоочусу Маруан Феллайни өзүнүн чач жасалгасына абдан көңүл бурат. Ал узун жана тармал чачтары тууралуу бул менин маселем, эгерде чачын кырктырса өзүнө окшобой кала турганын билдирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!