​Хабиб селсаякты шылдыңдады (видео)

​Хабиб селсаякты шылдыңдады (видео)
8-Авг. 2018, Шаршемби, 11:06

Жеңил салмактагы UFCнын орусиялык чемпиону Хабиб Нурмагомедов бир тууганы Абубакар экөө АКШда бир селсаякты шылдыңдаган видеосу интернетке тарады. Бул тууралуу Орусиянын ЖМКсы жазып чыкты.

Видеого атактуу мушкердин күйөрмандары жана спортчулардын катуу кыжыры келген. The MMA Bible Твиттер баракчасына жарыяланган видеоролик дароо алынып салынган. Бирок, мушкердин акчага бир селсаякты (бомж) көнүгүүлөрдү жасатып жана аны каткырып тартып алышканы интернетке таркап кеткен.

Бир селсаякты акчага көнүгүү жасатканы интернетте катуу талкуу жараттууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!