Кыргызстанда бийиктикке чуркоо мелдеши өтөт

Кыргызстанда бийиктикке чуркоо мелдеши өтөт
9-Авг. 2018, Бейшемби, 11:24

Кыргызстандын Көл-Төр көлүнүн аймагында биринчи жолу бийиктикке чуркоо боюнча мелдеш өтөт. «Kol-Tor Race-2018» аттуу жарыш 12-августта Кегети капчыгайы жана Көл-Төр көлүнүн айланасында болот. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Скайраннинг-адамдардын тоо койнунда бийиктикке карай массалык түрдө жарышына спортчулар, альпинисттер, жеңил атлеттер жана чет өлкөдөн келген ышкыбоздор катышып өз күчүн сынашат. Алар жети чакырым аралыкты басып өтүшү керек. Марага алдыңкы болуп келгендерге уюштуруучулар тарабынан атайын сыйлыктар жана медалдар берилет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!