Спорт журналистери сабалды

Спорт журналистери сабалды
9-Авг. 2018, Бейшемби, 12:12

Чемпиондор Лигасынын 3- квалификациялык баскычынын биринчи беттешүүсүндө гректердин “ПАОК” командасы менен орустардын “Спартак” командасынын оюнунда Греция клубунун күйөрмандары орус журналистерин сабап кетишкен. Бул тууралуу “«Чемпионат» басылмасынын журналистти Дмитрий Егоров билдирген.

Маалыматка ылайык басма сөз кызматкерлери турган жерге келген күйөрмандөр журналистти бир канча жолу муштап, уруп кетишкен. Мунун баардыгын жогоруда отурган “Спартактын” расмий өкүлдөрү да көргөн.

“Чемпионат” сайты футбол беттешүүсүн жазуу түрүндө онлайн берип турушмак. Азырынча бул окуя тууралуу “ПАОК” футбол клубу эч нерсе айта элек.

Кийинки ПАОК – “Спартак” жооптук беттешүүсү 14-августа Москвада өткөрүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!