ДКО: Түркмөн командасы алтын медаль утту

ДКО: Түркмөн командасы алтын медаль утту
4-Сен. 2018, Шейшемби, 10:58

Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында түркмөн атлеттери үч медаль утушту. Түркмөн командасы үчүн тажик улуттук бел күрөшү – «гуштини милли камарбанди» ийгиликтүү болду.

Спорт жана туризм улуттук институтунун студенти Аннамырат Мырадов 100 килограмм салмакта күч сынашып, жыйынтыгында алтын медаль тагынды.

Айта кетсек, жеңүүчү мындан тышкары эң маанилүү турнирлердин бири «Көчмөндөрдүн улуу күрөшү» мелдешине катышуу укугун алды.

Эскерте кетсек, күрөштүн ушул эле түрү боюнча 68 килограммга чейинки салмакта Бегенч Ягмыров экинчи, 82 килограммга чейинки салмакта Силапберди Нурыев үчүнчү орунду багындырды.

Айта кетсек, жалпысынан 594 медаль ойнолот. 174 алтын, 173 күмүш, 247 коло. Жалпы байге фонду 28 миллион сом деп бекитилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!