Футболчуга чагылган тийип, каза болду

Футболчуга чагылган тийип, каза болду
4-Сен. 2018, Шейшемби, 11:34

Германияда футбол учурунда дарбазачыга чагылган тийип, каза болду. Бул тууралуу «Спорт-Экспресс» жазып чыкты. Маалыматка ылайык катуу нөшөр башталганына карабай футболчулар оюнду уланта беришкен. Оюндун 80-мүнөтүнө келгенде чагылгандын очогу түз эле “Нидер-Визен” командасынын дарбазачысына тийген.

Дарбазачыны дароо ооруканага жеткиришкен бирок чагылгандын катуу соккусунан футболчу каза болуп калган. Окуя немистердин Рейланд-Пфальц шаарында болгон. Учурда укук коргоо кызматкерлери тергөө иштерин жүргүзүп жатышат.


Алдын-ала маалыматтарга караганда окуяга калыс күнөөлү болууда. Себеби, аба-ырайынын бузулганынан, оюнду башка күнгө жылдыруусу керек болчу дешүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!