​Хабиб Нурмагомедов 10 миллион доллар алат

​Хабиб Нурмагомедов 10 миллион доллар алат
4-Сен. 2018, Шейшемби, 12:08

Жеңил салмактагы UFCнын орусиялык чемпиону Хабиб Нурмагомедов мурдагы ирландиялык чемпион Конор МакГрегор менен 6-октябрда Лас-Вегас шаарында мелдешке чыгат. Бул мелдеште орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов 10 миллион доллар алаарын Орусиянын ЖМК жазып чыкты. Маалыматка ылайык бул сумма аралаш мушташка катышкан бардык орусиялык мушкерлерге берилмекчи.

Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов UFCнын эң күчтүү балбандарынын бири. 70 кг чейинки жеңил салмакта күрөшөт. Орусиялык балбандын рекорду 26 мушташта баардыгын жеңүү менен жыйынтыкталган.

Ал эми Макгрегор эрежесиз урушта 24 беттештин 21ин жеңип, үчөөндө жеңилген. Ал UFC уюмунда эки салмак категориясында чемпион аталган жалгыз мушкер болуп эсептелет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!