Месси “Жылдын футболчусу” наамына көрсөтүлгөн жок

Месси “Жылдын футболчусу” наамына көрсөтүлгөн жок
4-Сен. 2018, Шейшемби, 13:47

Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА)“Жылдын оюнчусу” наамына 3 талапкерди атады. Алар: “Ливерпулдун” жарым коргоочусу - Мохаммед Салах, “Реалдын” хорватиялык футболчусу Лука Модрич жана “Ювентустун” португалиялык чабуулчусу Криштиану Роналду.

Ал эми 12 жылдан бери бул сыйлыкка биринчи жолу аргентиналык атактуу футболчу Лионель Месси кирбей калды.

Жеңүүчү 24-сентябрда Лондон шаарында “The Best” салтанатында ачыкталат. Добуш берүүгө машыктыруучулар,бардык курама командалардын капитандары жана журналистер менен күйөрмандар да катышат. Жалпы төрт топтун тең добуштарынын тең 25 % үлүшү бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!