ДКО: 5-сентябрда боло турган мелдештер (тизме)

ДКО: 5-сентябрда боло турган мелдештер (тизме)
5-Сен. 2018, Шаршемби, 10:20

Бүгүн Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын төртүнчү күнү. Бүгүн 5-сентябрда кандай мелдештер өтөт? Бул тууралуу төмөнкү тизмеден таанышсаңыз болот.

Саат 9:00 – 18:10, Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда көк бөрү ойнотулат.

Саат 9:00 – 12:00, Чолпон-Ата шаарындагы Дене тарбия жана ден соолукту чыңдоочу комплексте сумо мелдеши болот.

Саат 9:00 – 20:00, Чолпон-Ата шаарындагы комплексте кыргыз күрөшү өтөт.

Саат 10:00 – 12:00, Чолпон-Ата шаарында тогуз корголдун IV туру.

Саат 12:30 – 15:00, монголдордун бох мелдеши өткөрүлөт.

Саат 15:00 – 15:40, мангала оюнунун IV туру өтөт.

Саат 15:30 – 20:00, сирым мелдеши болот.

Саат 16:00 – 17:00, ашыртмалы аба гюреши, гюлеш өтөт.

Саат 17:00 – 17:40, овари мелдешинин IV туру.

Саат 18:00 – 19:30, ат майданда эр эңиш болот.

Ал эми Кырчын жайлоосунда да бир катар иш-чаралар пландалган:

Саат 9:00 – 20:00, республикалык "Улуттук каада-салт" сынагы.

Саат 10:00, республикалык "Ала кийиз" сынагы.

Саат 10:00 – 18:00, Пансионаттар Ордосу.

Саат 10:00 – 18:00, республикалык "Улуттук каада-салт" конкурсу.

Саат 10:20, "Терме согуу" конкурсу.

Саат 10:35, "Чий согуу" конкурсу.

Саат 10:45, "Кыл аркан эшүү" конкурсу.

Саат 11:00, "Камчы өрүү жана саптоо" конкурсу.

Саат 11:15, "Уук жасалуучу талды тез арчуу" конкурсу.

Саат 11:20 – 11:55, "Жүк жыюу" конкурсу.

Саат 11:55 – 12:15, "Ийик ийрүү" конкурсу.

Саат 12:15 – 13:00, "Жөө айтыш" конкурсу.

Саат 13:00 – 14:30, "Улуттук кийимдер" конкурсу (облустарга бөлүнөт).

Саат 14:00 – 17:00, "Балдардын этно оюндары" ЮНИСЕФ менен биргелешкен долбоор.

Саат 14:30 – 17:30, Эл аралык "Айтыш" конкурсунун финалы.

Саат 17:30 – 20:00, "Боз үйдү ылдамдыкта тигүү" оюну.

Саат 20:00 – 23:00, Эл аралык "Мөңгү" кинофестивалы.




Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!