​Киберспорт олимпиада оюндарына кирбейт

​Киберспорт олимпиада оюндарына кирбейт
5-Сен. 2018, Шаршемби, 10:47

Киберспорт олимпиада оюндарына кошулбайт. Бул тууралуу Эл аралык олимпиада комитетинен жетекчиси (МОК) Томас Бах билдиргенин Associated Press жазып чыкты. Маалыматка ылайык спорт атка минээри киберспорттун келечеги туурасында өз пикирин билдирди.

Томас Бах “Биз олимпиада программасына зордук –зомбулукту жана дискриминацияны үгүттөгөн нерселерди киргизе албайбыз. Мен дале оюндар тууралуу айтып жатам. Биздин оюбузча алар эч кандай олимпиада баалуулуктарына туура келбейт”,- деп билдирген.

Мындан тышкары Бахтын айтымында уруш өнөрү олимпиада программасына кирет. Ал дагы башы мушташтан чыкканын бирок уруштун заманбап формасын камтыгандыгын белгилеп кеткен.

Киберспорт Орусияда спорттун бир түрү катарында 2016-жылы расмий катталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!