ДКО: айтыштын финалдык беттеши уланат

ДКО: айтыштын финалдык беттеши уланат
5-Сен. 2018, Шаршемби, 11:07

Кырчын жайлоосунда бүгүн, 5-сентябрда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган XII эл аралык айтыштын финалдык беттеши уланат. Кыргыз-казак акындарынын айтышы кечээ, 4-сентябрда башталган.

Айта кетсек, финалдык беттеште казак акындары Айбек Калиев, Биржан Байтуов, Аспанбек Шыгатаев, Максат Аканов жана кыргыз акындары Баян Акматов, Азамат Болгонбаев, Кубат Тукешов жана Асылбек Маратов айтышмакчы.

Баш байге 2 миллион сомду түзөт. Финалдык беттеш Кырчын этношаарчасында саат 14.00дө башталат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!