Көк-бөрү: Кыргызстан Алтай менен беттешүүдө

Көк-бөрү: Кыргызстан Алтай менен беттешүүдө
5-Сен. 2018, Шаршемби, 12:00

Бүгүн, 5-сентябрда Чолпон-Атадагы ат майданда көк-бөрү оюну өтүүдө.

Учурда АКШнын курама командасы менен Франциянын курама командасы көк-бөрү боюнча мелдеште беттешип жатат.

Айта кетсек, буга чейин А тайпасында Кыргызстан Монголиянын курама командасын 29:5 эсебинде жеңип алган. Кийин монголдор алтайлыктарды 1:0 эсебинде уткан. Ошондой эле В тайпасында Москвалык команда Ооганстандыктардан күчтүү болуп чыккан. Алар 7:2 эсебинде жеңишке жетишкен.

Эскерте кетсек, мелдешке жалпысынан 11 команда катышууда. Бүгүн 5-сентябрда көк-бөрү боюнча Кыргызстан - Алтай, Казакстан - Красноярск, Өзбекстан - Франция, Казакстан - АКШ командалары беттешет.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!