​Жеңишти жылаңайлык багындырды

​Жеңишти жылаңайлык багындырды
5-Сен. 2018, Шаршемби, 12:26

Кениялык жөө күлүк бир бут кийимчен жеңишке жетишти. Цюрих шаарында өткөн жеңил атлетика боюнча Бриллиант Лигасынын финалында өзгөчө окуя болду. 300 метрлик жарышка чыккан Рио-де-Жанейро олимпиадасынын чемпиону кениялык жөө күлүк Консеслус Кипруто бир бут кийими менен жеңишке жетишти.

Жөө күлүк жарыш башталгандан кийин 2-мүнөттө бут кийими чечилип калды. Бирок ага карабай спортчу узун аралыкты бир бут кийим менен биринчиликти багындырды. Бул кениялык жөө күлүккө тоскоолдук жараткан жок. Ал 3000 метрлик аралыкты 8 мүнөт 10,15 секундда жетип келген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!