Месси 40 жашка чейин футбол ойнойт

Месси 40 жашка чейин футбол ойнойт
5-Сен. 2018, Шаршемби, 13:39

Аргентиналык футболчу, "Барселона" клубунун чабуулчусу Лионель Месси спорттук карьерасынан кийин эмне менен алектенээрин билбей тургандыгын айтты. Marca басылмасына маек курган атактуу футболчу азырынча футбол клубундан башканы ойлой электигин билдирген.

Лионель Месси “Мен 40 жашка чейин футбол ойнойм. Андан кийин эмне менен алектенээрими билбейм. Азырынча эч нерсе айта албайм. Учуру келгенде, ошондо чечим кабыл алам. Азырынча келишимим уланып жатат. Андан кийин клубдун жетекчилиги менен аны да ойлонобуз”,- деп билдирген.

Месси маегинде “Барселона” клубунда калаарын, балдары ушул жерде окуй тургандыгын жана достору да бул жерде экендигин айткан.

Аргентиналык футболчу Лионель Месси “Барселона” клубу менен келишими 2021-жылга чейин түзүлгөн. Бул келишим аяктаганда футболчу 34 жашке келет.

Эсиңиздерге сала кетсек, Европа чемпионатынын эң мыкты футболчуларына бериле турган "Алтын бутса" жана “Алтын топ” сыйлыгынын 5 жолку ээси Лионель Месси 2016-17-жылдар ичинде 37 гол киргизип, алдыга чыккан. Эки жыл удаасы менен "Барселона" чабуулчусу эң алдыңкы жыйынтыктарга жетишип келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!