Айсулуу Тыныбекова: алтын медаль алуусу күтүлүүдө

Айсулуу Тыныбекова: алтын медаль алуусу күтүлүүдө
6-Сен. 2018, Бейшемби, 10:08

Индонезияда өткөн Жайкы Азия оюндарында кыз-келиндер арасындагы күрөштө 62 килограммга чейинки салмакта биринчи орунду алган монголиялык балбан кыз Орхон Пуревдорж "кызытма колдонгон" деген негизде алтын медалдан ажыратылды.

Азия Олимпиада кеңеши анын анализинде "станозолол" препараты табылганын билдирди.

Эрежеге ылайык, эми алтын медаль бул беттеште экинчи орунду алган кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбековага берилиши керек.

Айта кетсек, Жайкы Азия оюндары быйыл 18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезияда өткөн. 20-августта Айсулуу Тыныбекова алтын медаль үчүн монголиялык балбан кыз Орхон Пуревдорж менен күч сынашып, 11:0 эсебинде утулуп калган. Натыйжада ал күмүш медаль алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!