​Роналдунун кетиши менен “Реал” алсырай түштү

​Роналдунун кетиши менен “Реал” алсырай түштү
6-Сен. 2018, Бейшемби, 14:36

Португалиялык футболчу Криштиану Роналдунун кетиши менен “Реал” алсырай түштү. Бул тууралуу аргентиналык футболчу, "Барселона" клубунун чабуулчусу Лионель Месси айтты. Атактуу футболчу Криштиану Роналдунун капыстан “Ювентуска” кеткендигине таң калгандыгын да жашыра алган жок.

Месси “Сөзсүз, Реал дүйнөдөгү эң күчтүү командалардын бири, анда мыкты оюнчулар бар. Бирок, Криштиану Роналдунун кетиши команданы кичине алсыратып койду”,- деп билдиргенин “lenta.ru” сайты жазып чыкты.

Анда Месси “Мен мындай чечимине таң калдым. Роналдуну Мадридден кетет деп ойлогон эмесмин.Бирок, мыкты клубка кетти”,- деп айткан.

Эсиңиздерге сала кетсек, 10-июлда 33 жаштагы португалиялык футболчу Криштиану Роналду туриндик "Ювентус" клубу менен 4 жылга келишимге кол койгон. Атактуу футболчу 110 миллион еврого өткөн. Криштиану Роналду А сериясында эки беттешүүгө катышып, азырынча гол киргизе элек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!