Футбол: бүгүн Кыргызстан Палестина менен беттешет

Футбол: бүгүн Кыргызстан Палестина менен беттешет
6-Сен. 2018, Бейшемби, 15:21

Футбол боюнча Кыргызстандын курамасы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо бүгүн, 6-сентябрда кечки саат 8:00дө Палестинанын курама командасы менен беттешет.

Палестина курама командасы Бишкекке жума башында келип, машыга баштаган.

Ал эми Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин команда беттешке даяр экенин жарыялаган.

Айта кетсек, 10-сентябрга Кыргызстан-Сербия курамасы менен беттешээри белгиленди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!