Роналду машыгууга көзү көгөрүп келди

Роналду машыгууга көзү көгөрүп келди
10-Сен. 2018, Дүйшөмбү, 10:54

Португалиялык футболчу,“Ювентус” клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду машыгууга көзү көгөрүп келди. Бул тууралуу “Football Italia” басылмасы жазып чыкты. Маалыматка ылайык 33 жаштагы футболчунун сол көзүнүн көгөрүшү жакында болгон Италия чемпионаттынын А сериясы беттешүүсүндө пайда болгон. Анда “Пальма” командасы менен болгон оюнда топ тийгендиги айтылууда.

Эсиңиздерге сала кетсек 10-июлда 33 жаштагы португалиялык футболчу Криштиану Роналду туриндик "Ювентус" клубу менен 4 жылга келишимге кол койгон. Атактуу футболчу 110 миллион еврого өткөн. Криштиану Роналду А сериясында үч беттешүүгө катышып, азырынча гол киргизе элек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!