Футбол: Кыргызстан-Сирия командалары беттешет

Футбол: Кыргызстан-Сирия командалары беттешет
10-Сен. 2018, Дүйшөмбү, 10:58

Бүгүн, 10-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандык футболчулар Сириянын курамасы менен Азия кубогуна даярдык көрүү үчүн таймашат. Бул туурасында КРдин Футбол боюнча федерациясынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, Кыргызстандык футболчулар Сириянын курамасы менен Азия кубогуна даярдык көрүү үчүн таймашат.

Ушу тапта FIFA рейтингинде Кыргызстандын командасы 92-орунда болсо, Сирия 73-позицияда.

Эске салсак, 6-сентябрда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Палестина курама командасы менен беттешкен. Анда 1:1 эсебинде тең чыккан.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР