​Серена Уильямс ызы-чуу салды

​Серена Уильямс ызы-чуу салды
10-Сен. 2018, Дүйшөмбү, 13:50

Дүйнөнүн биринчи ракеткасы, америкалык теннисчи Серена Уильямс АКШнын ачык чемпионатынын финалында ызы-чуу салып, калысты мазактаганы үчүн 17 миң доллар жаза алды. Бул тууралуу «Спорт-Экспресс» жазып чыкты.

Маалыматка ылайык мелдеш учурунда Уильямс калыска барып,аны менен айтышып, жалганчы деп атаган. Себеби упайлары алынган. Атактуу теннисчи аны менен да калбай башкы машыктыруучуну чакырып, чечимди жокко чыгарууну талап кылган. Мелдештин учурунда Уильямс трибунада отурган машыктыруучусунан кеңеш алып, эскертүү алган. Андан кийин ракеткасы сынып, дагы жаза упайы берилген.

Натыйжада жапониялык Наоми Осака эки партияда 6:2, 6:4 упайы менен жеңишке жетишкен.

Эсиңиздерге сала кетсек, америкалык теннисчи Серена Уильямстин эсебинде “Чоң шлем” мелдештери боюнча 23 жеңиши бар. Мындан тышкары Уильямс төрт жолку олимпиада чемпиону: үч жолу тобу менен болгон мелдеште (2000, 2008 жана 2012-жылдар) жана жалгыз (2000-жылы) жеңишке жетишкен. Ал эми теннис тарыхында эң алдыңкы үчүнчү спортчу болуп саналат. Ал немис Штеффи Граф (377) жана америкалык Мартин Навратиловадан (332) кийинки орунда турат. Ал эми Аялдардын теннис ассоциациясы (WTA) рейтинг боюнча алдыңкы сабында келүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!