​“Арсенал” 9 жаштагы бала менен келишим түздү

​“Арсенал” 9 жаштагы бала менен келишим түздү
10-Сен. 2018, Дүйшөмбү, 15:22

Лондондук “Арсенал” футбол клубу нигериялык 9 жаштагы футболчу Жейден Адетиба менен келишим түздү. АиФ басылмасынын маалыматына караганда жаш футболчуну англиялык клубдун байкоочулары Түштүк Африкада футбол ойноп жүргөн жеринен баа беришкен.

Лондондук клуб келишим түзүүдөн мурун Адетибаны 5 жумалык футбол оюндарына катыштырган. Жаш футболчу “Арсеналдын” башынан бери күйөрманы болгондугун жана эң жакшы көргөн футболчусу Алекс Ивоби экендигин айткан.

Эсиңиздерге сала кетсек, Лондондун “Арсенал” клубунун башкы машыктыруучусу болуп испаниялык Унаи Эмери май айында дайындалган. Ал команданы 22 жыл бою жетектеген Арсен Венгердин ордуна келген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!