​“Барселонадан” дагы бир рекорд

​“Барселонадан” дагы бир рекорд
11-Сен. 2018, Шейшемби, 07:54

“Барселона” футбол клубу “YouTube” каналында 5 миллион колдонуучусу бар, биринчи футбол жааматы болуп калды. “Барсанын” расмий каналында учурда 5 199 073 колдонуучусу бар. Акыркы жылда эле атактуу футбол клубуна 1 952 334 адам катталган.

Мындай көрсөткүчтөр менен “Барселона” футбол клубу “Реалдан” (3 910 610) ашып кетти. Ал эми башка клубдар «Ювентус» (1 487 998), «Ливерпуль» (1 457 933) жана «Манчестер Сити» (1 429 243) каттоочусу бар.

Мындан тышкары былтыркы сезондо “Барселона” каналы көрүүчүлөрдүн жалпы суммасы 213 миллионду түзгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!