Футбол: Кыргызстан курама командасы жеңишке жетти

Футбол: Кыргызстан курама командасы жеңишке жетти
11-Сен. 2018, Шейшемби, 09:18

Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Сириянын курама командалары беттешип, жыйынтыгында кыргызстандык футболчулар 2:1 эсебинде жеңишке жетти.

Айта кетсек, эсеп экинчи таймдан кийин ачылды. Биринчилерден болуп кыргызстандык оюнчулар атаандаштын дарбазасына топ киргизди. Алардын артынан сириялыктар эсепти теңдеди. Кыргызстандык спортчу Бекжан Сагынбаев дагы бир топ киргизип, Кыргызстандын командасын жеңишке жеткирип, эсеп 2:1 болду.

Эскерте кетсек, башкы калыс казакстандык Александр Алиев болду. Командалар 2019-жылы боло турчу Азия кубогуна даярдык көрүү иш-чараларынын алкагында беттешти.




Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!