​Тайсон Хабибди колдойт

​Тайсон Хабибди колдойт
11-Сен. 2018, Шейшемби, 11:44

Дүйнөнүн мурдагы бокс боюнча абсолюттук чемпиону, америкалык профессионал - мушкер Майк Тайсон 6-октябрда боло турган Хабиб Нурмагомедов менен ирландиялык мушкер Конор Макгрегордун мелдешинде Хабибди колдой тургандыгын билдирди.

Тайсон “Мага Хабибдин мушташканы абдан жагат жана мен аны колдойм. Ал эми Макгрегор дагы бир канча мелдешке катыша алат. Бирок, бул мелдеш катуу болот”,- деп айткан.

Жеңил салмактагы UFCнын орусиялык чемпиону Хабиб Нурмагомедов мурдагы ирландиялык чемпион Конор МакГрегор менен 6-октябрда Лас-Вегас шаарында мелдешке чыгат.

Эсиңиздерге сала кетсек, Майк Тайсон бардык салмак боюнча дүйнөнүн эң күчтүү мушкери болуп саналат. Америкалык профессионал-мушкер, профессионалдар арасында оор салмактык категорияда дүйнөнүн абсолюттук чемпиону. “Ринг” журналынын версиясы боюнча “Жылдын мушкери” наамына татыган. Ал профессионалдык рингде 60 беттеш өткөрүп, 50 ирет жеңишке жетишкен. 6 беттеште жеңилип калган. Анын катышуусундагы 2 беттеш жокко чыгарылган.

“Темир Майк" спорт карьерасын 2005-жылы жыйынтыктаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!